БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Россия БШКсынын мүчөсү Антон Лопатин Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо процессине көз салууда.
Россиянын Кыргызстандагы элчилиги берген маалыматка караганда, Лопатин Бишкекте жана Чүй облусунда болуп, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн мыкты даярдыгын белгилеген.
Байкоочу өлкөдөгү шайлоо процессиндеги жаңычылдыктарга — шайлоочулардын биометрикалык жана жеке маалыматтарын идентификациялоо системасы менен ар бир шайлоочуга арналган бюллетень мөөрлөрүнө көңүл бурган.
"11 участкада болдук, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жогорку кесипкөйлүгүн, участкалардын техникалык жабдылышын, шайлоо процессинин мыкты уюшулганын көрдүк. Жергиликтүү байкоочулар жана эл менен пикир алышып, кыргызстандык кесиптештерибиз пайдаланган стандарттар ишенимге, сый-урматка татый турганына ынандык. Эл добуш берүүдө, бул — эң башкысы", — деди Лопатин.
БШК мүчөсү иш сапарынын алкагында Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугуп, Монголия жана КМШ мамлекеттеринин Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Эскерте кетсек, кечээ, 17-ноябрда, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.