Пресс-борбор

Кыргызстанда алтындын запасы 4 миң тоннага чамалап барышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда алтындын запасы миң тоннадан ашат, бирок геологдордун баасында көрсөткүч төрт эсеге көп болушу мүмкүн. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда брифинг өткөргөн.
"Алтындын мамлекеттик баланс менен бекитилген көлөмү бир тоннадан ашат. Бул — бир тонна алтынды казып иштетүүгө болот деген сөз. Ошол эле учурда геологдор алтын боюнча ресурстун потенциалы төрт миң тоннадан ашарын, башкача айтканда, төрт эсе көп экенин айтышууда", — деди министрдин орун басары.
Сатыбалдиев алтын казылчу кендин дээрлик бардыгы комплекстүү болуп саналарын, аларда сурьма, цинк жана башка заттар да бар экенин кошумчалады.
Пресс-борбор
Министрлик: Кумтөр кени кеминде дагы 25-30 жыл иштейт