Кыргызстанда келерки жылы пенсия 7%га көтөрүлүшү мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2025-жылы пенсия көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Социалдык фонддун башкаруучулугунун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Ал Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынына катышкан.
"Мыйзам боюнча, жыл сайын инфляциянын өлчөмүн индексациялап турушубуз керек. 2025-жылдын бюджетине пенсияны жети пайызга көбөйтүүнү, жалпысынан пенсияны көтөрүүгө 1 миллиард 300 миллион сомду киргизип жатабыз", — деди Алиев.
Ал учурда өлкөдө эң аз берилген пенсия 6 900 сомду түзөрүн кошумчалады.
ЖКда пенсиядагыларды тоскоолдуксуз иштен алууга укук берүү зарылдыгы айтылды