БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кумтөр кени кеминде дагы 25-30 жыл иштейт. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геология кызматынын директору Нарынбек Сатыбалдиев билдирди.
Аткаминер Sputnik Кыргызстан агенттигинде брифинг берген.
Сатыбалдиевдин айтымында, "Кумтөр" компаниясы кенди жердин алдынан казуу иштерин жүргүзүүгө даярдык көрүп жатат. Бул ыкма менен кенди казчу кору 147 тоннага чамалап барары айтылды. Бул иштер эки-үч жылдан кийин башталмакчы. Аны менен катар эле мамлекеттик баланс менен бекитилген запастын бүгүнкү күндөгү көлөмү 250 тоннадан ашык. Мындан сырткары, уулуу калдыктар сакталган жайды экинчи ирет иштетүү боюнча да дагы бир долбоор бар.
"Баш-аягы Кумтөр кени кеминде дагы 25-30 жыл иштеп берет", — деди министрдин орун басары.