БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Эгер Украинага Россиянын тереңине ыраакка атылуучу курал менен сокку урууга чындап уруксат берилип, Киев режими мындан расмий кабардар болсо, анда каршылашуунун нугу өзгөрөт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, чыңалуу күчөп, АКШнын аралашуусун эске алганда таптакыр башка кырдаал түзүлөт.
"АКШнын кетип жаткан администрациясынын отко май чачуу ниети айкын болуп турат. Бул жерде РФ президентинин, Россия тараптын позициясы так. Өлкө башчынын Санкт-Петербургда айткандарын жамааттык Батыш уккан", — деди Песков.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин Санкт-Петербургда өткөн маданий форумда НАТО мамлекеттери Киевдин батыш куралдарын пайдалануусун эле эмес, согушка түз аралашар-аралашпасын талкуулап жатканын билдирген. Өлкө башчынын айтымында, Батыш мамлекеттеринин жаңжалга катышуусу анын нугун өзгөртүп, Россия жаралган кооптуулуктарга карап чечим чыгарууга аргасыз болот. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин батыш куралдарынын Россиянын тереңине сокку уруу үчүн колдонулушунун кесепети тууралуу айтканы түшүнүктүү экенин, сөз ээсин табарын белгилеген.
АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу америкалык ракеталарды РФ аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат бергени тууралу New York Times америкалык администрациядагы кызматкерлерге таянуу менен жазган. Маалымат бергендердин айтымында, алгачкы соккулар ATACMS ракеталары менен жасалат. Мунун артынан эле Франция менен Улуу Британия да Украинага өзүнүн ыраакка атылуучу техникасын колдонууга уруксат бергенин Figaro басылмасы жазып чыкты.