БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байдендин Украинанын алыска атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын түпкүрүнө сокку урууга уруксат бергени дүйнөдө ар кыл реакцияларды жаратууда.
Бул кадам туурасында кечээ белгилүү болду.
Соңку маалыматтарда бул ракеталардын түпкүргө жасалчу чабуулуна уруксат берилгени боюнча Киевге мындан үч күн мурда эле кабарланганы айтылды;
Axios порталына маалымат бергендер ATACMS куралдары Курск облусунун аймагына гана кое берилет деп айтып берген;
Батыштын ЖМКлары алыска атылуучу куралды РФке карата колдонууга Франция менен Улуу Британия да уруксат бергенин жазууда;
Владимир Зеленский мындай маалыматтар адатта элге сөз менен жарыя кылынбастыгын айтып, "жасалган ишти ракеталар өздөрү көрсөтөт" деген тейде комментарий берген;
бул кооптуу маалыматка реакция кылган америкалык миллиардер Дэвид Сакс Байден кызматтагы акыркы айларында украин согушун ырбатып жатканын айтты. Ал "Жозеф Байден Дональд Трампка болушунча татаалдашкан кырдаалды өткөрүп берүүнү максат кылган эмеспи?" деген суроо салган;
ал эми америкалык дагы бир ишкер жана миллиардер Илон Маск Байдендин мындай орунсуз кадамынан кийинки кырдаалды сүрөттөп, кооптонуусун билдирген. Эмки көйгөй "Россиянын жооп катары ура турган соккусу" боло турганын айткан;
европалык саясий күчтөрдүн реакциясы да көп күттүргөн жок. Франциядагы "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо буга "чектен чыккан акылсыздык" деген баасын берди. Ал батыштык саясатчыларга чакырык салып, НАТОдон биротоло кол үзүүгө чакырган.
"Бизге акыл-эстүү адамдардын бийликти өз колуна алып, НАТОдон кутулганы керек. Мындай нерсени күткөнбүз, алардын (АКШ бийлигинин — ред.) акылсыздыгынын чеги жок болуп калды", — деген ал.
Филиппо бул нерсе Трамптын бийликке келишине чейин үчүнчү дүйнөлүк согушту баштап жиберүү үчүн жасалган чагым экенин айткан.