БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жо Байден Украинага ыраакка атылуучу ATACMS ракеталары менен Россиянын тереңдеги аймактарына сокку урууга уруксат берди. Бул тууралуу New York Times америкалык администрациянын өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.
Макалада бул АКШнын тышкы саясатындагы орчундуу кадам экени белгиленген: өлкө башчы чечимди президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамптын кызматына киришерине бир ай калганда кабыл алды. Ал эми Трамп буга чейин Украинага колдоону азайтуу тууралуу айтып келгени маалым.
Басылмага маек курган адамдардын айтымында, Байден мындай чарага "Курск облусуна Түндүк Кореядан аскер күчү келди" деген кабардан кийин барган. Украина берилген курал менен россиялык жана аталган аймакта жайгашты делген түндүк кореялык аскер күчүнө сокку урмакчы.
Россия буга чейин Американын КЭДРден аскер күчү келгенине эч кандай далили жок экенин айткан болчу. Ал эми Түндүк Корея коюлган айыптарды АКШнын ыплас амалы деп атап, муну менен Вашингтон өзүнүн кылмышын жаап-жашырып, Украинадагы чырды создуктурууга аракет кылып жатканын белгилеген.
Макалада Ак үй администрациясынын айрым өкүлдөрү Украина ATACMS ракеталарын колдонгондон кийин Москва Вашингтон менен анын тилектештерине катуу жооп берет деп кооптонуп жатканы айтылат. Кээси чочулоого негиз жок деген пикирде.
Россиянын позициясы
РФ президенти Владимир Путин буга чейин эле НАТО Украинанын ыраакка атылуучу курал-жарак колдонуусун талкуулап тим болбостон, чырга түз катышууну кеп кылып жатканын билдирген.
Өлкө башчынын айтымында, киев режими Россиянын аймагына учкучсуз учуучу аппарат жана башка каражаттар менен сокку уруп келет. Ал эми Батыштан чыккан жогорку тактыктагы ыраакка атылуучу техника колдонулган операциялар альянстын аскерий адистерисиз ишке ашпайт.
Путин Украина менен каршылашууга Батыштын катышуусу анын нугун өзгөртүп, НАТО, АКШ жана европа өлкөлөрү Россия менен согушуп жатканын түшүндүрөрүн белгилеген. Бул учурда Москва шарт-жагдайга жараша чечимдерди кабыл алары айтылган.