Алымбек датканын тарыхый-саясий ишмердүүлүгүн илимий жактан изилдөөгө көңүл бурулууда. Учурда Кытайдагы архивдик булактардан манжур тилинен кыргызчага которулуп, Алымбек датканын чоң аталарынын бири Ажы бий тууралуу маалыматтар чыгууда. Бул тууралуу Абдылдабек Эгенбердиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Алымбек датканын ишмердүүлүгү, урпактары тууралуу кино тартылат.
"Асан бий уулу Алымбек датка атындагы коомдук кайрымдуулук фонду бир жыл мурда ачылган. Анын башкы максаттарынын бири — илимий изилдөөлөргө, тарыхый изилдөөлөргө көңүл буруу. Буга чейин Улуттук илимдер академиясы менен чогуу илимий конференцияларды өткөрүп, багыттар аныкталган. Алымбек датканын тарыхый-саясий ишмердүүлүгүн илимий жактан изилдөөгө көңүл буруп жатабыз. Учурда Кытайдагы архивдик булактардан манжур тилинен кыргызчага которулуп, Алымбек датканын чоң аталарынын бири Ажы бий тууралуу маалыматтар чыгууда. Негизи Алымбек датка жана ошол доордогу инсандар тууралуу маалымат аз. Изилдөөлөрдөн кийин Алымбек датканын ишмердүүлүгү, урпактары, балдары тууралуу кино тарталы деп турабыз", — деди Абдылдаев.
Ошондой эле ал ушул жылдын декабрь айында Алымбек датканын саясий ишмердүүлүгү тууралуу илимий конференция пландалып, өзбекстандык, казакстандык, кыргызстандык окумуштуулардын катышуусунда өтөрүн кошумчалады.