19-ноябрга карата аба ырайы

19-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. 19-ноябрь, шейшемби күнү, республика боюнча күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болору белгиленген. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +12...+17, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ош шаарында +15...+17 градуска чейин көтөрүлөт.
Пресс-борбор
Кыргызстанда алтындын запасы 4 миң тоннага чамалап барышы мүмкүн