Соңку кезде өлкөдө денесинин ар кайсы жерине пластикалык операция жасаткан адамдар көбөйдү. Айрымдар көзүнө сурма жасатса, кээ бирөө эриндерин чоңойтуп, дагы бирөө курсактагы топтолгон майдан арылууда. Дал ушул пластикалык операция жасаган дарыгерлердин бири, пластикалык хирург Нурсултан Мирбеков “Стимул” программасынын коногу болду. Ал учурда көп суроо талапка ээ болгон пластикалык хирургдун иши жана пластикалык операциянын артыкчылыгы, кардарлардын өзгөчө талаптары тууралуу айтып берди.