Маданият министрлиги тарыхый-маданий объекттерин инвесторлорго сатууга каршы чыктыКыргызстан энергетика жаатында макулдашууларга кол койдуПрезидент Садыр Жапаров “Үч чоку” тоо лыжа долбоору боюнча кеңешме өткөрдүПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 18-ноябрда, “Үч чоку” тоо лыжа кластерин ишке ашырууга арналган жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак үч чокусундагы жер тилкелери “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берилип, геологиялык жана экологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Тоо лыжа базасын куруунун биринчи этабын 2030-жылга чейин аяктоо пландалууда. Мында 60 чакырымдык лыжа трассасы жана алты асма жол курулат. Мындан тышкары, туристтерге ыңгайлуу болушу үчүн мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар, конференц-залдар, башка эс алуу аянтчалары камтылган комплекстүү инфраструктура түзүлөт. Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөрү күтүлүүдө. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миңге чейин турист бара алат.
Маданият министрлиги тарыхый-маданий мурас объекттерин инвесторлорго берүүгө каршы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. Экономика министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык эски имараттарды ишкерлерге сатууну сунуштоодо. Аталган министрликтин башчысынын орун басары Искендер Асыкулов белгилегендей, Бишкекте 129 тарыхый-маданий мурас объектилеринин ичинен 14ү административдик имараттар. Инвестициялык келишимдин алкагында аларды бузуп, ордуна жаңы объекттерди курууга уруксат берилген.Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Конституциянын 15-беренесине карама-каршы келерин белгиледи. Аталган департамент мыйзам долбооруна терс корутунду берген.
Бакуда БУУнун Климаттын өзгөрүшүнүн алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын алкагында Кыргызстан башка өлкөлөр менен отун-энергетика жаатында кызматташууну улантууга негиз салган бир нече документке кол койду. Бул туурасында энергетика министри Таалайбек Ибраев Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналына айтып берген. Россия жана Кыргызстан республиканы 2040-жылга чейин газ менен камсыздоону макулдашкан. "Эки жылда көгүлтүр отту сатып алуунун көлөмүн 800 миллион куб метрге жеткиребиз", — деген министр. Ибраев инфраструктуралардын газды өткөрүүсү боюнча көйгөйлөр бар экендигин белгилеп, бирок ал чечиле турган маселе экендигин кошумчалаган.
Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын футболдук беттеши өтөрүнө байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрү унаалар үчүн жабык болот. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди. 2026-жылда өтө турган Дүйнө биринчилигине тандоо раундунун алтынчы турунда эки команда 19-ноябрда Бишкекте ойнойт. Буга байланыштуу саат 14:00дөн баштап футбол аяктаганга чейин жолдордун төмөнкү тилкелери жабылат: — Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин; — Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 86 сом 50 тыйынга евро 91 сом 43 тыйынга рубль 87 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда.АБА ЫРАЙЫПодводка: 19-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 19-ноябрь, шейшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болору белгиленет. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +12...+17, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын өрөөнүндө +2...+7 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ош шаарында +15...+17 градуска чейин көтөрүлөт.