Трамптын президенттигинде АКШнын экономикасын эмне күтөт?

Sputnik
Американын тарыхында биринчи жолу бир адам эки ирет президент болуп шайланды. Дональд Трамп АКШнын 47-президенти болуп келип, штаттардын саясий багытын өзгөртөрүн жарыялады. Ал ошондой эле миграциялык саясатты татаалдантса, эл аралык мамилелерде өлкөнүн аброюн көтөрүүгө аракет жасарын айткан. Байдендин учурунда штаттар болуп көрбөгөндөй экономикалык кризиске баратканын серепчилер айтып келишет. Буга өлкөнүн үчүнчү мамлекеттердеги согуштук аракеттерди колдоого короткон эбегейсиз каражаттары биринчи себеп экени дагы маалым. Эми президенти алмашкан Американы кандай экономикалык саясат күтөт? Ишкер Трамп буг багытта кандай алгылыктуу иштерди жасайт?
“Экономикалык панорама” программасында автор, экономист Улукман Мамытов саресеп салат.