Корпоративдик топтоо пенсиялык фонду – юридикалык жактын (жумуш берүүчү) же бир эле тармактын бир нече юридикалык жактары тарабынан өз кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылууну жакшыртуу үчүн ыктыярдуу негизде түзүлүүчү пенсиялык камсыздоонун кошумча формасы экенин Айгүл Алыбекова билдирди. Программанын мейманына корпоративдик пенсиялык топтомо системасы деген эмне, ал кантип ишке ашат, кандай компаниялар катыша алат, кызматкерлер кандай эрежелерди аткарыш керек, пенсиясына канча пайыз же эсе, канча убакытта кошулат өңдүү суроолорду узатып жооп ала алдык.