Бишкектеги ыш көйгөйүн кантип чечсе болот? – Каптаган кара түтүндүн башкы себеби эмне?

Sputnik
Бишкекте жыл сайын күзүндө-кышында, өзгөчө жылытуу мезгилинде аба булганып, түтүн, ыш каптаганына байланыштуу маселе көтөрүлүп экологдор коңгуроо кагып келишет. Бул мезгилде буга күнөөлүүлөр изделип, мончодон баштап Бишкек ЖЭБге чейин шектелген учурлар болгон. Бир жылдары бул мезгилде Бишкек эң абасы булганган шаарлардын тизмесин жетектеп, парламентте шаарга “өзгөчө кырдаал” киргизүү дагы сунушталган. Бирок бактыга жараша акыркы жылдары абал оңолуп келе жатат. “Күн башат” программасынын алкагында, ыш көйгөйү жана аны чечүү жолдору тууралуу кеп кылдык.
Биздин суроолорубузга Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Чынгызбек Абдумалик уулу, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын Атмосферанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Айгерим Жусупова жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын Атмосферанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Каныкей Сүйүнбекова жооп берди.