Нью-Йорк шаарында 17-ноябрга караган түнү UFC 309 турнири өттү. Көпчүлүктүн күткөнү уюмдун оор салмактагы чемпиону Жон Жонс менен мурдагы чемпион Стипе Миочичтин беттеши болду.
Жонс артыкчылыгын көрсөтүп жеңишке жетти. Алгач Миочичти нокдаунга кетирип, андан соң бир нече ирет сокку узаткан.
Турнирдин дагы бир негизги кармашы бразилиялык Чарльз Оливейра менен америкалык Майкл Чендлердин күч сынашуусу болду. Кармаш беш раундга созулуп, калыстардын чечиминин негизинде Оливейранын жеңиши менен аяктады.
Тема боюнча: