БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Израилдин Коргонуу күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) Газа секторуна жасаган соккусунан 50дөн ашык палестиналык каза болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы маалымдаганын РИА Новости жазды.
"Израилдик аскерлер бир түн ичинде эле Газа секторундагы кеминде 51 адамды өлтүрүштү. Оккупацияланган батыш жээктеги бет капчан израилдиктер Бейт-Фурик кыштагына кирип барып, палестиналыктардын үйлөрүн, унааларын өрттөшкөн", – деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Израиль Газа тилкесинен ракеталык чабуулга кабылган. Андан соң палестиналык ХАМАС кыймылынын согушкерлери чек ара аймактарына кирип келип, аскерлер менен карапайым элге ок чыгарып, 200дөн ашуун адамды барымтага алган. Бийликтегилердин маалыматы боюнча, 1,2 миңге жакын адам каза болгон.
Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде "Темир кылыч" операциясын баштаган. Израиль анклавды толук блокадага алганын жарыялап, суу, электр энергиясы, күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоо токтотулган. Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери 43 миңден ашык палестиналык каза болуп, 103 миңден көбү жаракат алган.
Россия ТИМи тараптарды жаңжалды токтотууга чакырып келет. Москванын позициясы боюнча, согушту БУУнун Коопсуздук кеңеши бекиткен формуланын негизинде, 1967-жылы борбору Чыгыш Иерусалим болгон чек араларда Палестина мамлекетин түзүү менен жөнгө салуу мүмкүн.