БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Америкалык миллиардер Илон Маск Европа калкынын жок болуп бара жатканын жазды. Соцтармакка жарыяланган билдирүү тууралуу РИА Новости кабарлаган.
Маалыматта ишкер Евробиримдик мамлекеттеринде ымыркайлардын төрөлүүсү боюнча келтирилген көрсөткүчкө ушундай баасын бергени айтылат. Мында жетилген организмдин тукум улоо жөндөмдүүлүгү тууралуу кеп болуп, Испанияда анын коэффициенти 1,16га туура келсе, Италида 1,24тү түзгөн. Польшада 1,29, Германияда 1,46, ал эми Францияда 1,79 экени белгилүү болду.
"Европа жок болуп бара жатат", — деп жазган Маск.
Октябрдын соңунда New York Times миллиардер үчүн балдардын төрөлүүсү талуу маселе экенин, балалуу боло албай жүргөн бейтааныш адамдарга жардам берүү ниети күч экенин билдирген.