Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Тез арада". ЖМКлар Киев Трамптан эмнени суранып жатканын ачыкташты

Трамп Ак үйдүн украин чырына жасаган мамилесин нечен ирет сындап, Зеленскийди келген сайын миллиарддаган акча алып кеткен соодагер деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Киев тез аранын ичинде Владимир Зеленскийдин АКШдагы президенттик шайлоого жеңишке жетишкен Дональд Трамп менен жолугушуусун өткөрүүнү суранып жатат. Бул тууралуу немецтик Welt гезити Украинанын бийликке жакын адамдарына таянуу менен жазды.
"Украинада Трампты Киевге ыктатуу, анын Зеленский менен жолугушуусун уюштуруу аракеттери катуу көрүлүүдө", — деп жазылган макалада.
Авторлор киев режими Трамптын тынчтык пландарынын деталдары ЖМКларга чыгып жатканына дыкат көңүл буруп турганын белгилешкен. Украина жетекчилиги АКШнын эртеңки президентинин бардык талабына макул болууга аргасыз болуп каларынан чочулап турары жазылган.
Мындан тышкары, журналисттердин пикиринде бийлик алмашкандан кийин Москва менен Вашингтондун болжолдонгон макулдашуусу Владимир Зеленскийдин мындан аркы тагдырын аныктайт. Эгер тынчтык процессинин жыйынтыгы Украинага 2022-жылы сунушталган шарттан начарыраак болуп калса, Зеленскийдин саясий карьерасына чекит коюлары айтылды.
Басылма азыркы кырдаал Киевди ар кандай амалга түртүп жатканын белгилеген. Мында кеп Зеленскийдин АКШнын келечектеги администрациясына Украинанын рерурстарына көзөмөлдү өткөрүп берүүгө жана Европага украин контингентин жайгаштырууга даярдыгы тууралуу болууда.
"Бул стратегиянын ийгилиги (Трампты өз тарабына татуу — ред.) жакын арада Зеленский үчүн көп нерсени аныктайт", — деп айтылат макалада.
Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп Ак үйдүн украин чырына жасаган мамилесин нечен ирет сындап, Зеленскийди келген сайын миллиарддаган акча алып кеткен соодагер деп атаган. Мындан тышкары, ал жаңжалды сүйлөшүү жолу менен бир эле күндө басып кое аларын да айткан. Анткен менен Кремль бул талуу маселе жөн салды чечиле калбай турганын эскерткен.
Трамп Зеленский менен шайлоонун алдында сентябрда жолуккан. Financial Times гезити маалымдагандай, киев режиминин жетекчиси талапкерге "жеңиш планын" көрсөткөн. Басылматынын жазганына караганда Трамп документтин Украинанын жаратылыш ресурстарын Батыш менен бөлүшүү жана жаңжал басылгандан кийин Европадагы америкалык контингентти украин күчтөрүнө алмаштыруу каралган эки пунктуна кызыгуусун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Украинанын НАТОго кирүүсүнө эмне тоскоол болуп жатканын айтты