Радио

Мэр: Кара-Балта өлкөдөгү алдыңкы шаарлардын бири болот

Кара-Балтанын мэри Мирлан Джекшенов шаардагы эскирген инфратүзүм алмаштырылып жатканын айтты.
Sputnik
Шаарларды өнүктүрүү боюнча президенттин демилгесинин алкагында Кара-Балтага бөлүнгөн бир миллиард сом калаанын өнүгүүсүнө орчундуу таасир этти. Бул тууралуу Мирлан Джекшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, шаарда жакынкы 3-4 жылдын ичинде чоң өзгөрүү күтүлүүдө.
"Биз алдыга так пландарды койгонбуз. Мисалга, асфальт заводун курдук, жакынкы 3-4 жылдын ичинде шаарыбызда бир дагы асфальтталбаган жол калбашы керек. Суу системасы эскирген, ал 50-60 жылдан бери колдонулуп келет. Аны дагы асфальт менен бирге алмаштырып жатабыз. Быйыл 23 чакырым суу системасы алмашат. Жакынкы 3-4 жылдын ичинде Кара-Балтада чоң өзгөрүү болот. Быйыл башталды. Жылдан-жылга бюджетибиз көбөйөт. Суу, свет, жол маселелерин чечебиз. Муну менен катар бала бакча, мектеп көйгөйлөрү дагы чечилет. Кара-Балта шаары жакынкы жылдары республикалык деңгээлдеги алдыңкы шаарлардын бири болот", — деди Джекшенов.
Ошондой эле ал шаарда өндүрүш ишканаларын жандандырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.