БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 18-ноябрдан тарта Балыкчы — Кочкор жолунун 39-90 жана 42-90-чакырымына чейинки бөлүгүндө (Кубакы ашуусуна чейин) жол жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГП НК "Кыргыз темир жолу"
Билдирмеге караганда, 18-декабрга чейин курулуп жаткан Балыкчы — Кочкор темир жолунун 37-43-чакырымдарында жардыруу иштери жүрмөкчү. Иштер дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү саат 8:00дөн 17:30га чейин жүргүзүлөт.
Ишкана айдоочуларга сапарга чыгардын алдында маршрутту пландап алууну эскертти.