18-ноябрга карата аба ырайы

18-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. 18-ноябрь, дүйшөмбүдө, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Талас аймагында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +7...+12, Нарын дубанында +2...+7 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +12...+14, Ош шаарында +13...+15 градуска көтөрүлөт.
Кыргызгидромет алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады