БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын (ПА) төрагасы, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин ПАнын 18 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Ал белгилегендей, ассамблея мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен бөлүшүү жана аскердик-саясий кырдаалга парламенттик мониторинг жүргүзүү үчүн маанилүү институт болуп калды.
“Жаңы геосаясий чакырыктар жана эл аралык коопсуздук тутуму бузулуп жаткан маалда парламентарийлердин конструктивдүү диалогу жана биздин позицияларыбыздын дал келиши өзгөчө мааниге ээ. Коопсуздукту чыңдоо үчүн күн сайын укуктук негиз түзүп жаткан ЖККУнун парламенттериндеги бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдирем”, — деп айтылат куттуктоодо.
Володин белгилегендей, ассамблеянын бардык аракеттери ЖККУ өлкөлөрүндө тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүгө багытталган.