Дональд Трамп Ак үйдүн тарыхындагы эң жаш маалымат катчыны дайындады

Кэролайн буга чейин Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү боюнча коомдук байланышка жооптуу болуп, анын пресс-катчысынын жардамчысы болуп иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдүн тарыхындагы эң жаш маалымат катчыны, 27 жаштагы Кэролайн Ливитти дайындады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

“АКШнын 45 жана 47-президенти Дональд Трамп Кэролайн Ливиттин Ак үйдүн маалымат катчысы болорун жарыялады. Кэролайн буга чейин Дональд Трамптын шайлоо өнөктүгү боюнча коомдук байланышка жооптуу болуп, анын пресс-катчысынын жардамчысы болуп иштеген”, — деп айтылат маалыматта.

Ливитт Нью-Гэмпшир штатында туулган. Кэролайн “акылдуу, чыдамкай жана чыныгы коммуникатор экенин далилдеди” деп айтылат маалыматта.
Буга чейин тарыхтагы эң жаш маалымат катчынын кызматын 1969-жылы 29 жаштагы Ричард Никсон аркалаган.
Трамп тышкы чалгын кызматын жетектөөгө Тулси Габбардды сунуштады. Чоо-жайы