Бүгүн өлкөдө шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү"

Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 16-ноябрь — Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү".
Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.
Эртең, 17-ноябрда, кыргызстандыктар депутаттарды 33 шаардык кеңешке жана 231 айылдык кеңешке шайлайт. 10 081 талапкер катталып, шайлоого 39 партия катышууда.
Бүгүн болсо шайлоо участокторунан сырткары добуш берүү жүрүп жатат.
Темирлан Султанбеков менен Ирина Карамушкина эки айга камакка алынды