Пентагон Украинанын НАТОго кирүүсүнө эмне тоскоол болуп жатканын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Коррупция Украинанын НАТО менен Евробиримдикке киришине тоскоолдук жаратып, өлкөнүн экономикалык жактан калыбына келишине жана чет элдик каржы тартууга бут тосууда. Бул туурасында Пентагондун башкы инспектору билдиргенин РИА Новости жазды.

“Коррупция Украинанын НАТО менен ЕБге кирүүгө болгон умтулуусун татаалдантып келет. Соттор, саясатчылар жана кызмат адамдары, ал тургай Коргоо министрлиги баш болуп коррупцияга айыпталган. Бул нерсе Украинанын согуштан кийинки экономикасын көтөрүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга кесепетин тийгизет”, — деп айтылат Конгресстеги аудитордун 2024-жылдын 1-июлунан 30-сентябрга чейин жазылган докладында.

Аудитор Киевдин жакында эки мамлекеттик сатып алуу агенттигин бириктирүү аракетин Батыштагы өнөктөштөрү терс кабыл алганын белгиледи.
Пентагондун аудитору октябрда Украинага 2022-жылы берилген 1,1 миллиард доллар толук документтештирилбегенин айтып, бул Киевге бөлүнгөн каражат керектүү көзөмөлгө алынбай жаткандыгынан кабар берерин билдирген.
Россия Батыш Украинага курал-жарак жеткирүү менен кырдаалды жөнгө салууга тоскоол болуп, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түздөн-түз аралаштырып "от менен ойноп жатат" деп эсептейт.
РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров АКШ менен НАТО чыр-чатакка батыл катышып жатканын айтып келет. Алар Киевге курал-жарак эле бербестен, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдүн аймагында адистерди да даярдашууда.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон Украина жаңжалына үчүнчү өлкөлөр тартылышы мүмкүн экенин айтты