БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет 24-ноябрга чейин республикада күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, аптанын башында күн ачык болуп, 20-23-ноябрда айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Бишкекте күндүн табы күндүз 11...13 градуска чейин көтөрүлөт.
Чүй менен Таласта
17-19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 20-22-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар, күндүз айрым жерлерде жаан жаашы ыктымал, өрөөндөрдө күн ачык болот. 23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткенде
Өлкөнүн түштүк аймактарында аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 20-22-ноябрь күндөрү айрым жерлерге жамгыр жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. 23-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ысык-Көл менен Нарында
17-21-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 22-23-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.