Кыргызстандын бир катар шаарында “Географиялык диктант” өттү

Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын бир катар шаарында “Географиялык диктант” өткөнүн “Русский дом” борборунан кабарлашты.
Эл аралык акция Бишкек, Ош, Кант, Каракол жана Кызыл-Кыя шаарларында болду. Иш-чарага кыргызстандыктардан сырткары 110 өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
Суроолор нейротармактар аркылуу жасалган Сергей Есенин, Федор Шаляпин жана Лев Толстойдун үн коштоосунда берилип жатты.
Диктанттын жыйынтыгы 12-декабрдан кийин чыгат.
"Евразия" университети Россия менен КМШдан студенттерди кабыл алууну баштады