РФ элчиси Урал университетинде Кыргызстан үчүн кадр даярдоону талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Россиянын элчиси Сергей Вакунов Урал федералдык университетинин ректору Виктор Кокшаров менен жолугушту. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк билдирди.
Алар Кыргызстандын жылуулук энергетикасына, металлургияга, жол инфраструктурасына кадрларды даярдоону талкуулашты.
Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен Урал федералдык университетинин ректору Виктор Кокшаровдун жолугушуусу
Тараптар Кыргыз-Россия Славян университетин өнүктүрүү стратегиясын, республиканын ири ишканалары үчүн адистерди биргелешип даярдоо жана илимий кызматташтык маселелерин да карашты.
Кыргызстандын бир катар шаарында “Географиялык диктант” өттү