БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. АКШнын Арлингтон шаарында 16-ноябрага караган түнү бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, 58 жаштагы Майк Тайсон менен белгилүү блогер, 27 жаштагы Жейк Полдун беттеши өттү. Кармаш эки мүнөттүк сегиз раунддан турду.
Калыстар тобу 79-73 эсебинде жеңишти Жейк Полго ыйгарышкан.
Майк Тайсон бокстагы карьерасын 1985-жылы баштап, 59 беттеш өткөргөн (анын ичинен 50 жолу жеңишке жетсе, 44үн нокаут менен, жети жолу жеңилүү ызасын тарткан, эки беттеш жараксыз деп табылган). Жейк Пол 11 ирет жеңип, бир жолу жеңилген.