17-ноябрга карата аба ырайы

17-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болуп, айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас аймагында +8…+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9…+14, Ысык-Көл өрөөнүндө +6...+11, Нарын жергесинде +1…+6 градус жылуу болот.
Бишкекте күндүн табы +9…+11, Ош шаарында +12…+14 градуска чейин көтөрүлөт.
Декабрда аба ырайы кандай болору айтылды