Эртеңки жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди. Анын айтымында, бардык шайлоо тилкелерине жаңы жабдуулар жеткирилүүдө. "Бул шайлоонун өзгөчөлүгү жаңы биометрикалык жабдууларды киргизүү, ошондой эле шайлоо бюллетендерин жеринде даярдоо болуп саналат. Эгерде бир айылдык кеңеште 3 округ болсо, анда ар бир округдун өзүнүн бюллетени болот. Жабдууларды алып келген компания эч кандай мүчүлүштүктөр болбойт деп ишендирүүдө", - деди ал. Жылкыбаев бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү аралыктан добуш берүү экенин белгиледи.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, шайлоону утурлай укук тартибин камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты. Анда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтаруу, шайлоо бюллетендерин ташып жеткирүү боюнча иштерди уюштуруу каралган. Ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Мындан улам ички иштер министрлиги тартип бузуулар, шайлоо мыйзамдарын бузуулар аныкталса, бардык фактылар катталып, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Парламенттик ассамблеясынын 18 жылдык мааракеси менен куттуктады. Ал белгилегендей, ассамблея мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен бөлүшүү жана аскердик-саясий кырдаалга парламенттик мониторинг жүргүзүү үчүн маанилүү институт болуп калды. “Жаңы геосаясий чакырыктар жана эл аралык коопсуздук тутуму бузулуп жаткан маалда парламентарийлердин конструктивдүү диалогу жана биздин позицияларыбыздын дал келиши өзгөчө мааниге ээ. Коопсуздукту чыңдоо үчүн күн сайын укуктук негиз түзүп жаткан ЖККУнун парламенттериндеги бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдирем”, — деп айтылат куттуктоодо. Володин айткандай, ассамблеянын бардык аракеттери ЖККУ өлкөлөрүндө тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүүгө багытталган.
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Кытайда өткөн беттеште монголиялыктарды утуп алды. Эл аралык Panda Cup турнириндеги эсеп 7:0 болду. Өлкөнүн футбол боюнча жаштар курама командасы эки турдун жыйынтыгы боюнча үч упай топтоду. Ал эми биринчи беттеште Австралиянын футболчуларына 2:4 эсебинде жеңилип калышкан. Жыйынтыктоочу оюн Кытайдын командасы менен өтөт.