Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кербен шаарындагы Барпы каналын ишке берүү аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кербен шаарындагы Живпром, Жарды-Колот жана Курулуш айылдарындагы айдоо жерлерди сугат суу менен камсыздоого багытталган каналдын курулушу үчүн 14 млн сомдон ашуун каражат жумшалган. Барпы каналынын узундугу 4 830 метрди түзүп, ал аркылуу 200 гектардан ашуун жер аянтын сугаруу максатталган. Ачылыш аземинин алкагында жергиликтүү эл менен да жолугушкан төрага айыл чарба тармагын өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолду. Ал жакында эле өлкө башчы Садыр Жапаров Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине суу чарба тармагын өнүктүрүү максатында 104 заманбап техниканы тапшырганын эске салды.
2024-жылдын 1-декабрынан тарта Россияга кирип-чыккан чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар биометрикалык маалымат тапшырууга милдеттендирилет. Бул боюнча Россия өкмөтүнүн чечими чыкканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматында, кыргызстандыктар Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Биометрикалык маалыматтарга жүзүн сүрөткө тартуу жана манжалардын изин сканерлөө кирет.
"Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина, партия мүчөсү Роза Турксевер эки айга тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу алардын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди. Ага ылайык, Свердлов райондук сотунда кармалгандардын бөгөт чарасы каралган. Султанбеков, Карамушкина жана Сурксевер эми 13-январга чейин камакта болушат. Буга чейин Бишкек Шаардык ички иштер башкы баркармалыгы кармалгандар шайлоочудардын добушун сатып алууга шектелип кармалганын маалымдаган. Шаардык милиция "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козголгон. 14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Эске салсак, эртен 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.
Россия президенти Владимир Путин Германия канцлери Олаф Шольц менен телефондон сүйлөшүшкөнүн Кремль кабарлады. Маалыматта сүйлөшүүнү немец тарап демилгелегени айтылат. Акыркы ирет өлкө лидерлери 2022-жылы 1-декабрда сүйлөшүшкөн. Мында Путин менен Шольц Украинадагы абалды тыкыр талкуулашкан. “Путин азыркы кризис НАТОнун Россия кызыкчылыгын четке кагып украин аймагында антироссиялык плацдарм түзүүгө багытталган агрессиялуу саясатынын натыйжасы экенин эске салды”, — деп айтылат маалыматта. РОссиянын башчысы Россия эч убакта сүйлөшүүдөн баш тартпаганын, ага азыр да даяр экенин билдирген.