БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кара-Суудагы Жаңы-Барак айылын ачты.
Аймак 38 гектар жерди ээлеп, бир типтеги, бардык шарттары менен 110 үй беш айда салынган. Эми айылга мамлекеттик ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үйлөр түшөт.
"Эң негизгиси, эл жыргал жашоодо жашаса бизге ошол бакыт. Ушул үйлөрдүн жанына көп кабаттуу үйлөрдү да салабыз, жакында иштер башталат. Батирлер бир үйдө жашап жаткан бир нече үй-бүлөгө ипотека аркылуу 20-25 жылга берилет", — деди айылдын ачылыш аземине катышкан өлкө башчы Садыр Жапаров.
Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара такташканда жер алмашкан. Анын алкагында Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга берип, Кара-Суу району жактан 208 гектар жер алган. Ал эми эксклавдын жашоочулары үчүн Кара-Суу районуна Жаңы-Барак айылы курула баштаган.