Россиянын Кыргызстандагы элчилиги экс-депутаттын кебине жооп кайтарды

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахмановдун кебине жооп кайтарды.
Дипломатиялык өкүлчүлүк коомдук ишмердин тарыхый чындыкты бурмалоого багытталган, атап айтканда, "орустардан маданият, илим жана техника болушу мүмкүн эмес" деген сөздөрүнө тынчсыздануу менен көңүл бурат.
"Өлкөсүнүн түптөлүшүнүн тарыхын билбегендигин Өмүрбек Абдырахмановдун өз абийирине коелу. Улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар-жогу текшерилүүгө тийиш болгон мындай ачык билдирүүлөр биздин ата-бабаларыбыз чогуу жеткен ийгиликтерди да, сыноолорду да эсте сактоо рухуна ачык эле карама-каршы келет", — деди элчилик.
Дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстан менен Россиянын бир тууган элдеринин ортосундагы ажырагыс байланышты калыптандырган жана бекемдеген тарыхтын жалпы барактарын кемсинтүү каралоого жатат деп эсептейт.
Улуттар аралык кастыкты козуткандар катуу жазаланат. Байсалов Кеминге барды