БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. 2024-жылдын 1-декабрынан тарта Россияга кирип-чыккан чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар биометрикалык маалымат тапшырууга милдеттендирилет. Бул боюнча РФ өкмөтүнүн чечими чыкканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
ТИМдин айтымында, кыргызстандыктар Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.
Биометрикалык маалыматтарга жүзүн сүрөткө тартуу жана манжалардын изин сканерлөө кирет.