ЖМК: Маск Ирандын БУУдагы өкүлү менен чыңалган абалды жеңилдетүүнү талкуулады

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Америкалык миллиардер Илон Маск Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү Амир Саид Иравани менен аталган өлкө жана АКШнын ортосундагы чыңалган абалды жеңилдете турчу ыкмаларды талкуулады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
"Жаңы шайланган президент Дональд Трамптын жакын кеңешчиси Илон Маск Нью-Йоркто дүйшөмбү күнү Ирандын БУУдагы өкүлүнө жолукканда АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну жандыра турган теманы талкуулады", — деп жазылган кабарда.
Маалымат берген ирандык аткаминерлердин айтымында, бул нерсе көздөн далдаа, жашыруун жерде өтүп, бир саатка чукул созулган. Жыйынтыгын эки тарап тең жылуу, позитивдүү деп баалашкан.
Маск аларга америкалык расмий бийликтин адамдары менен түзмө-түз сүйлөшпөй, "айланып өткөн вариантты" айткан. Муну менен катар эле алардын бири сүйлөшүү учурунда Иравани Маскка АКШнын Финансы министрлигинен уруксат алып, бизнесинин бир бөлүгүн Тегеранга көчүрүүнү сунуштаган.
Мурдараак президенттик шайлоодо жеңген Дональд Трамп миллиардер Илон Маск менен бизнесмен Вивек Рамасвами мамлекеттик кызматты майнаптуу кылуу боюнча жаңы депарматентти (DOGE) жетектей турганын айткан эле.
Маск Трамптын администрациясындагы маанилүү фигурага айланууда