БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID-паспортту онлайн алмаштырган кызматты киргизип жатканын кабарлады.
Маалыматта бүгүндөн баштап документти алмаштыра тургандар арызды Tunduk тиркемеси аркылуу берсе болору айтылат. Жаңы кызмат процессти кыйла жеңилдетип, жолго, кезек күтүүгө кеткен убакытты үнөмдөйт.
Сервисти кимдер пайдалана алат?
Tunduk аркылуу ID-картаны алмаштырууга арызды 2017-жылдан 2024-жылга чейин чыгарылган биометрикалык паспорту бар Кыргызстандын жарандары тапшыра алат. Бул паспорттордо биометрикалык маалыматтар камтылган чип бар, ага жашаган жери жана жарандык абалы кирген. Бул зарыл болгон бардык текшерүүлөрдү онлайн-режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Маанилүү! Бул кызмат биометриялык паспорту бар жарандарга гана жеткиликтүү. Эгерде жарандын паспорту эски серияда болсо, анда мындай жол менен кайрылууга мүмкүн эмес. Бул учурда КТБга (ЦОН) кайрылууга туура келет.
Көңүл буруңуз! Кызмат жарактуу паспортту алмаштыруу үчүн гана жеткиликтүү. ID-картаны алгачкы жолу алуу үчүн КТБга кайрылуу зарыл.
Tunduk тиркемеси аркылуу кантип тапшырса болот?
Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу паспорт алмаштырууга арыз берүү процесси төмөнкү жөнөкөй кадамдардан турат:
Tunduk тиркемесин ачып, "ID паспортту алмаштырууга онлайн-арыз" бөлүмүнө өтүш керек;
паспортту алмаштыруунун себебин тандап, жоголуу, бузулуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, каалоосу боюнча жаңыртуу же жеке маалыматтарды өзгөртүү керек;
ким экендигин тастыктоо үчүн фотоидентификациядан өтүшкө туура келет, процедура түздөн-түз тиркемеде жүргүзүлөт;
жаран өзүнө ыңгайлуу болгон аймактык бөлүмдү көрсөтүү менен жаңы паспорт бериле турган КТБны тандайт;
мамлекеттик алымды төлөш керек. Атайын код менен тиркеме аркылуу онлайн-төлөм жеткиликтүү.
Паспортту иштеп чыгуу жана алуу мөөнөтү:
арыз берилгенден кийин бардык документтер 1-3 күндүн ичинде текшерилет. Андан соң паспорттун даяр экендиги жөнүндө тиркеме аркылуу кабар келет;
даяр документти алуу үчүн тандалган КТБга документтердин түп нускалары менен жеке өзү баруусу зарыл.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жетик болушун кеңейтүү боюнча иштерди улантып жаткандыктарын айтышты.