Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламенттери боюнча продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктаган окутуулар өткөрүлүп, экономика боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууда. Бул тууралуу Тынчтыкбек Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окутууларды Экономика министрлигине караштуу "Кыргызстандарттын" Квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кадрларды кайра даярдоо борбору жүргүзүп, техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо багыттарын камтыйт.
"Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кадрларды кайра даярдоо борбору бар. Ал 2006-жылы түптөлүп, өлкө экономикасынын ар кайсы тармактары боюнча окутууларды өткөрүп, жалпы 12 миңге жакын адисти окутту. Борбор техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, сапат менеджменти, шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо чөйрөсүндө кошумча билим берет. Мындан тышкары, ЕАЭБдин техникалык регламенттери боюнча продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктаган окутуулар өткөрүлүп, экономика боюнча адистердин квалификациясын жогорулатууда. Учурда бул багытка өзгөчө көңүл бурулуп, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында тажрыйба алмашуу курстары да өтүүдө", — деди Абдылдаев.
Ошондой эле ал Кыргызстанда стандартташтыруу жана метрология боюнча адистер жетиштүү экендигин кошумчалады.