БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Декабрда абанын орточо температурасы жана жаан-чачындын көлөмү нормага жакын болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымат таратты.
Декабрда абанын орточо температурасы
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Декабрда жаан-чачындын көлөмү
© Фото / пресс-служба Кыргызгидромет
Чүй облусу
Орточо температура климаттык норманын чегинде болуп -1…-3 градус, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -3…-5 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градус сууктан 0…5 градуска чейин, кээ бир түндөрү -10…-15ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -1…-6 градустан 4…9 градуска чейин өзгөрүлүп турат, кээ бир күндөрү 11…16га чейин жогорулашы мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп -2…-4 градус суук болушу күтүлөт.
Түнкүсүн -7…-12 градус сууктан -2 …+3 градус жылуулукка чейин, кээ бир түндөрү -13…-18ге чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2…-7 градус сууктан 3…8 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүлүп турат, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 10…15 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде 0…2 градус жылуу, тоо этектериндеги райондордо -1…-3 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…-5 градус сууктан 1…6га чейин, кээ бир түндөрү -6…-11 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз 0…-5 градустан 5…10 градус жылуулукка чейин, кээ бир күндөрү 12…17 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9 градус сууктан -2…+3 граудска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир түндөрү -10…-15 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -2…-7 градус сууктан 3…8 градуска чейин өзгөрүлүшү ыктымал, кээ бир күндөрү абанын температурасы күндүз 10…15 градуска чейин жогорулашы божомолдонууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде туруп 0…-2, чыгышында -3…-5 градус суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -7…-12 градустан -4 …+1 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, чыгышында -11…-16 градуска чейин чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз -1…-6 градустан 4…9 градуска чейин өзгөрүшү ыктымал.
Жаан-чачындын айлык көлөмү норманын чегинде болот.
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде -10…-12, Кочкор районунда -7…-9 градус суук болору айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -13…-18 градус сууктан -3…-8ге чейин өзгөрүп турат, кээ бир күндөрү түнкүсүн -21…-26га чейин төмөндөйт. Күндүз -10…-15 градус сууктан 0…-5ке чейин өзгөрөт, айрым күндөрү күндүз 1…6 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.