Темирлан Султанбеков менен Ирина Карамушкина эки айга камакка алынды

Буга чейин кармалгандарга "Добуш сатып алуу" беренеси боюнча иш козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. "Социал-демократтар" партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина, партия мүчөсү Роза Турксевер эки айга тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу алардын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.
Бүгүн Свердлов райондук сотунда кармалгандардын бөгөт чарасы каралган. Султанбеков, Карамушкина жана Турксевер эми 13-январга чейин камакта болушат.
Буга чейин Бишкек ШИИББи кармалгандар шайлоочулардын добушун сатып алууга шектелип кармалганын маалымдаган. Шаардык милиция "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козголгон.
14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” партиясын шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган.
Эске салсак, 17-ноябрда 33 шаардык жана 231 айылдык болуп, жалпысы 264 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт.
"Жергиликтүү кеңеш деп жерибегиле". Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы кайрылуусу