Владимир Путин менен Олаф Шольц телефондон сүйлөшүштү

Лидерлер акыркы ирет мындан эки жыл мурун пикир алмашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Германия канцлери Олаф Шольц менен телефондон сүйлөшүшкөнүн Кремль кабарлады.
Маалыматта сүйлөшүүнү немец тарап демилгелегени айтылат. Акыркы ирет өлкө лидерлери 2022-жылы 1-декабрда сүйлөшүшкөн. Мында Путин менен Шольц Украинадагы абалды тыкыр талкуулашкан.
“Путин азыркы кризис НАТОнун Россия кызыкчылыгын четке кагып украин аймагында антироссиялык плацдарм түзүүгө багытталган агрессиялуу саясатынын натыйжасы экенин эске салды”, — деп айтылат маалыматта.
РФ башчысы Россия эч убакта сүйлөшүүдөн баш тартпаганын, ага азыр да даяр экенин билдирген.
“Россиянын позициясы дайын. Боло турган макулдашуулар Россиянын коопсуздук жаатындагы кызыкчылыгын эске алып, жаңы территориялык реалдуулукту камтышы шарт, эң башкысы — чырдын башкы себептерин жок кылуу керек”, — деп айтылат маалыматта.
Путин: Россия дүйнөгө керек, Батыштын бир дагы чечими муну өзгөртө албайт