СССРдеги ири жана оңбогондой акчаны талап кылган бул долбоорго 1 200 ишкана жана 1,5 миллион киши катышкан.
"Бурандарды" СССРдин Коргоо министрлиги АКШ орбиталык бомбалагыч катары космостук "челнок" ойлоп табат деген кооптонуудан улам иштеп чыга баштаган.
Алгач "Буран" кадимки эле аскердик максатты көздөгөн: душмандын келип калышы мүмкүн болгон спутниктерин "орбитадан алуу", баллистикалык ракеталар менен сокку уруулар, өзөктүк согуштук модулдарды пландалгандай кылып учуруу жана душмандын шаттлдарын жок кылуу. Техника 30 тоннага чукул жүктү көтөрүп жүргөнгө ылайыкталган.
"Буран" Жерди эки ирет айланып чыгып, учкан жерине авторежимде конгон. Муну аппараттын ичиндеги "мээ" өзү жасаган. Тилекке каршы, бул биринчи жана акыркы ирет учушу болгон. Программаны космоско аскердик орбиталык учуулардын керексиздигинен жана акчанын тартыштыгынан жабууга аргасыз болушкан. Ал кезде аталган долбоорго СССР 16,4 миллиард советтик рубль жумшаган.
СССРде негизинен беш "Буран" кемесин түзүүнү пландашканы менен экөөнү гана толук жасаганга жетишип калышкан. Үчүнчүсү космоско 1994-жылы жиберилмек. Программаны жабуу чечими кабыл алынганда космос кемесинин жарымы, тагыраагы, 50 пайызы даяр болуп калган.