Бишкекте бетон аралаштыргыч адамдын колун жулуп кетип, дарыгерлер тигишти

Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте хирургдар бейтаптын жулунуп кеткен колун тигишти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнүн дарыгери Акбар Жороев билдирди.
Операция 3,5 саатка созулган.
"Операцияны мени менен бирге хирург Султан Оморов жасады. Бейтап 37 жашта, оор абалда башка облустан алып келинген. Ал кишинин сөөктөрү сынып, кан тамырлары жарылып кеткен. Колун тигип бердик, ал кадимкидей иштеп кетет. Учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык", — деди Жороев.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанга органдарды трансплантациялоо боюнча кантип жардам берет