16-ноябрга карата аба ырайы

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө үшүк жүрүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Ишембиде республика аймагында күн ачык болот. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 6…11, Нарын чөлкөмүндө 0…5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 7…12, Ысык-Көл, Талас облустарында 5…10 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 8…10, Ош шаарында 9…11 градусту көрсөтөт.
Декабрда аба ырайы кандай болору айтылды