Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Үстүбүздөгү жылдын 10 айында республикада 3 миң 554 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ӨКМдин Өрттүү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Адилет Калыгулов билдирди. Ал белгилегендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир азга аз. “10 айдын жыйынтыгы менен республикада 3 миң 554 өрт кырсыгы катталды. Былтыркы жылы 3 миң 712 өрт кырсыгы катталган”,-деди ал.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID-паспортту онлайн алмаштырган кызматты киргизип жатканын кабарлады.Маалыматта бүгүндөн баштап документти алмаштыра тургандар арызды Tunduk тиркемеси аркылуу берсе болору айтылат. Жаңы кызмат процессти кыйла жеңилдетип, жолго, кезек күтүүгө кеткен убакытты үнөмдөйт.Tunduk аркылуу ID-картаны алмаштырууга арызды 2017-жылдан 2024-жылга чейин чыгарылган биометрикалык паспорту бар Кыргызстандын жарандары тапшыра алат. Бул паспорттордо биометрикалык маалыматтар камтылган чип бар, ага жашаган жери жана жарандык абалы кирген. Бул зарыл болгон бардык текшерүүлөрдү онлайн-режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жетик болушун кеңейтүү боюнча иштерди улантып жаткандыктарын айтышты.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик 2024-жылдын 9 айында 30 млрд 567 млн сом чогултту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, анын басымдуу бөлүгүн акционердик коомдордон түшкөн дивиденддер жана менчиктештирүү түзгөн. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, 2020-жылы мамлекеттик мүлктү башкаруудан болгону 2 млрд 807 млн сом түшкөн.2024-жылдын 9 айында түшкөн киреше 2023-жылга салыштырмалуу 6 млрд 700 млн сомго көп.
2024-жылдын 1-декабрынан тарта Россияга кирип-чыккан чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар биометрикалык маалымат тапшырууга милдеттендирилет. Бул боюнча РФ өкмөтүнүн чечими чыкканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.ТИМдин айтымында, кыргызстандыктар Домодедово, Шереметьево, Внуково жана Жуковский эл аралык аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково өткөрүү пунктунда биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек.Биометрикалык маалыматтарга жүзүн сүрөткө тартуу жана манжалардын изин сканерлөө кирет.
"Евразия" тармактык университети Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарын "Евразиялык маданий коддор — ийгиликтүү бизнес-идеянын негизги принциби" аттуу алгачкы билим берүү курсун акысыз окууга чакырат.Бүтүрүүчүлөргө Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун сертификаттары, россиялык ири компанияларда такшалуу мүмкүнчүлүгү жана "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун бизнес-идеяларын ишке ашыруу үчүн гранттар берилет.Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары жана университеттин илимий жетекчиси Борис Чернышов "Евразия" университети үчүн социалдык компонент өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.