Кыргызстанда канча чакан ГЭС курулуп жатат — инвестиция, энергетикалык коопсуздук, кышка даярдык кандай?

Sputnik
"Чакан ГЭС" мекемеси 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата бекиттилген планды толугу менен аткарганын белгиледи. Мындан тышкары, республика аймагында бир катар чакан ГЭСтер оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңылары курулуп жатат. Мисалы, жакында минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ошто Папан чакан ГЭСин курууга капсула салды. ГЭСтин кубаттуулугу 25 МВт түзүп, жылына орточо 103 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.
Өлкөдө курулуп жаткан ГЭСтер, инвестиция, реконструкция иши тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директорунун биринчи орун басары Таалайбек Мамбеталиев маалымат берди.