Бишкекте күздөн тартып жаз мезгилине чейин азык-түлүктөрдүн жарманкеси байма-бай өтүп турат. Анда шаар тургундары эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча-жемиш, шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болот. Максаты - шаардын жашоочуларын социалдык маанилүү тамак-аш азыктарынын кеңири ассортименти менен камсыз кылуу жана ишкерлерге товарын тааныштырууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат.
Жарманкедеги азык-түлүктөрдүн сапаты, мөнөөтү текшерилип, бааларына мониторинг жүргүзүлүп турат. Өлкөдө өндүрүлгөн продукциялардын сапаты жакшырганын Айыл чарба министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы боюнча ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Искак Анарбеков айтты.