Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Бишкек ШИИБи билдирди.Маалыматта Султанбеков шайлоочулардын добушун сатып алууга айыпталгандыгы айтылат. Милиция жалпысынан “Социал-демократтар” партиясынын 10 мүчөсүн суракка алып, анын ичинен К.И., Т.Р. жана Т.С. Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизген.“Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет”, — деп билдирди Бишкек ШИИБинен.Буга чейин шаардык милиция "Социал-демократтар" партиясынын штабынын жетекчиси алдыда боло турчу жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда элдин добушун сатып алууну талкуулап жатат деген маалымат тараткан. Андан соң "Добуштарды сатып алуу" беренеси боюнча иш козголгон.
Надира Жусупбекова кайрадан билим берүү министринин орун басары болуп дайындалганын ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Ал эми буга чейин орун басарлыкты аркалап келген Муратбек Касымалиевдин башка ишке өткөнү айтылды. Жусупбекованы эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырган. Эскерте кетсек, Надира Жусупбекова алгач бул кызматка 2018-жылы дайындалып, былтыр май айында бошотулган.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу ID-паспортту онлайн алмаштырган кызматты киргизип жатканын кабарлады. Маалыматта бүгүндөн баштап документти алмаштыра тургандар арызды Tunduk тиркемеси аркылуу берсе болору айтылат. Жаңы кызмат процессти кыйла жеңилдетип, жолго, кезек күтүүгө кеткен убакытты үнөмдөйт. Tunduk аркылуу ID-картаны алмаштырууга арызды 2017-жылдан 2024-жылга чейин чыгарылган биометрикалык паспорту бар Кыргызстандын жарандары тапшыра алат. Бул паспорттордо биометрикалык маалыматтар камтылган чип бар, ага жашаган жери жана жарандык абалы кирген. Бул зарыл болгон бардык текшерүүлөрдү онлайн-режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Маанилүү! Бул кызмат биометриялык паспорту бар жарандарга гана жеткиликтүү. Эгерде жарандын паспорту эски серияда болсо, анда мындай жол менен кайрылууга мүмкүн эмес. Бул учурда КТБга кайрылууга туура келет.
Америкалык миллиардер Илон Маск Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы атайын өкүлү Амир Саид Иравани менен аталган өлкө жана АКШнын ортосундагы чыңалган абалды жеңилдете турчу ыкмаларды талкуулады. Бул туурасында РИА Новости билдирди. "Жаңы шайланган президент Дональд Трамптын жакын кеңешчиси Илон Маск Нью-Йоркто дүйшөмбү күнү Ирандын БУУдагы өкүлүнө жолукканда АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалууну жандыра турган теманы талкуулады", — деп жазылган кабарда. Маалымат берген ирандык аткаминерлердин айтымында, бул нерсе көздөн далдаа, жашыруун жерде өтүп, бир саатка чукул созулган. Жыйынтыгын эки тарап тең жылуу, позитивдүү деп баалашкан. Маск аларга америкалык расмий бийликтин адамдары менен түзмө-түз сүйлөшпөй, "айланып өткөн вариантты" айткан. Муну менен катар эле алардын бири сүйлөшүү учурунда Иравани Маскка АКШнын Финансы министрлигинен уруксат алып, бизнесинин бир бөлүгүн Тегеранга көчүрүүнү сунуштаган.