БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. АКШда президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды токтотууга мезгил келип жеткенин айтып, буга катуу киришүүнү убадалады. Бул тууралуу ал Мар-а-Лагодогу турагында өткөн иш-чарада билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жакынкы Чыгыш боюнча иштейбиз. Россия менен Украинага катуу киришебиз. Муну токтотууга убакыт келди. Россия менен Украина эми токтошу керек", — деген Трамп.
Анткен менен чырды чечүүнүн жолдорун ачыктаган эмес.
Трамп Украина маселеси боюнча көп ирет айткан, шайлоо алдындагы убадаларынын бири да украин чырын жөнгө салуу болчу. Ал эми Россия бул өтө талуу маселени жөн эле чечип коюу мүмкүн эмес экенин айтып келет. Мындан тышкары, Трамп АКШнын Украина жаңжалына жасаган мамилесин да, Владимир Зеленскийди да нечен ирет сындаганы маалым.
Эскерте кетсек, жайдын башында РФ лидери Владимир Путин украин чырын жөнгө салуунун жолун сунуштаган. Анын айтымында, Москва украин күчтөрү Россиянын жаңы аймактарынан чыгып кеткенден кийин дароо сүйлөшүүгө даяр болот. Мындан тышкары, Киев НАТОго кошулуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жана денацификация жасап, ошондой эле нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы шарт. Буга кошумча, Путин Россиядан санкциялар алынышы керектигин белгилеген.
Бирок Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна болгон кол салуусунан кийин Путин "тынч элге, жарандык инфраструктурага ылгабай сокку уруп, өзөктүк энергетика объектилерине кооптуулук жараткан" тарап менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айткан болчу. Андан кийин президенттин жардамчысы Юрий Ушаков Москванын сунушу күчүндө экенин, бирок азыркы учурда Украина менен Россия сүйлөшпөй турганын белгилеген.