БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Дональд Трамп АКШнын Улуттук чалгын кызматын жетектөөгө Тулси Габбарддын талапкерлигин сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Чоң кубаныч менен Улуттук чалгын кызматынын директору болуп мурунку конгрессчи, подполковник Тулси Габбард дайындаларын жар салам", — деген Трамп.
Габбард Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөгө 11-сентябрдагы терактыдан кийин кирип, согуш жүргөн аймактарда да болгон. 2022-жылы Демократиялык партиядан чыгып, эркин саясатчы катары ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген.
2023-жылдын июлунда Байдендин саясаты АКШны өзөктүк кагылышууга түртүп жатканын, ал эми "Россия менен болгон прокси-согуш" улам курчуп баратканын билдирген.
Трамп 5-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, Ак үйгө кайтып келген экинчи саясатчы болуп калды. Демократиялык партиядан чыккан атаандашы Камала Харрис жеңилгенин моюндап, Трампты куттуктаган.